Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Ош: Милиция адвокатка кол салды деп шектелүүдө


Ош милициясынын эки кызматкери адвокатка кол салган деп шектелүүдө. Бүгүн облустук прокуратура аларга карата "кызмат абалынан аша чапкан" жана "адвокаттык ишмердүүлүккө тоскоолдук жараткан" деген эки берененин негизинде кылмыш иш козгоду.

Жабыркаган адвокат Назгүл Сүйүнбаеванын "Азаттыкка" айтымында, окуя 4-июлда болгон. Жактоочу катары ал Казаков аттуу жаранды милиция инспекциясына коштоп барган. Ошол жерден эки кызматкердин кол салуусуна кабылган:

- Жоодар деген кызматкер "эмне муну угуп жатасыңар, кармагыла, кармагыла" дегенде бирөө артыман келип колумду кармап турду. Ал эми Жоодар болсо менин чөнтөгүмө колун салып, машинамдын ачкычын алганга аракет кылды. Күч колдонуп, колумду кайырып ачкычты алганга аракет кылышты. Колум тытылып, канады. Казаковду машинамдан сууруп эле алып кетип калышты.

Сүйүнбаеванын айтымында, милиционерлер ал жаранды кармоо тууралуу эч документ көрсөтө алган эмес. Кийин Казаков кайра коё берилген.

Азырынча Ош шаардык милициясынан бул боюнча комментарий боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG