Шаршембиде Пентагондун билдирүүсүндө президент Барак Обама Египеттеги окуяларга байланыштуу бул өлкөгө бериле турган аскерий жардамды кайра карап чыгууга көңүлү бардыгы айтылат. Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни "Египетте жетекчилер кырдаалга кандай жооп берип жана аны жөндөп жатышканын баалап атабыз. Өткөн аптада президент Мурсини кетирип, бийлик алмашкан өзгөрүүлөрдү анализдөөгө убакыт керек” – деди маалымат катчы Карни шаршембиде Вашингтондо туруп.
Ак үйдө болсо Египетте экс-президент Мурсинин бийликтен кулашын «аскерий төңкөрүш» деп баалоо туура же туура эмес экени талкууланууда. Учурда Египетке берилип жаткан америкалык аскерий жардам азайтылды. Ал ортодо АКШнын Коргоо департаменти жакынкы күндөрү Вашингтон Египетке F16 истребителин бере тургандыгын билдирди. АКШ Египетке жылына 1 миллиард 300 миллион доллардын тегерегинде аскерий жардам көрсөтөт.