Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:13

Люксембургдун премьери Юнкер кызматтан кетет


Европалык таанымал саясатчылардын бири, Люксембургдун премьер-министри Жан-Клод Юнкер өлкөнүн жашыруун кызматтарынын иши үчүн сынга кабылды. 2007-жылы Люксембургдун атайын кызматы таасирдүү орусиялык ишкердин заказы менен коммерциялык талашты анын кызыкчылыгына чечип берүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Иштин бети ачылып калгандан кийин Юнкер операцияны токтоткону менен айыптууларды жазага тарткан эмес.

Люксембургдук парламентарийлер премьер Юнкерди жана анын чөйрөсүн бийликти ашыкча пайдаланган деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG