Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

AI Назарбаевди өлкөдөгү кыйноолор үчүн сындады


Укук коргоочу Amnesty International уюму Казакстандын абактарында кыйноолор тыйылбай жатканы үчүн президент Нурсултан Назарбаевди сындады. Аталган уюм өлкөнүн коопсуздук кызматтары жарандарды аёосуз кыйноолорго салаарын белгилейт.

Укук коргоочулар болсо эки жыл мурун Жаңы-Өзөндөгү кандуу окуядан кийин камалган активисттер дуушар болгон кыйноо фактыларын бийликтер иликтебей койгонун сындашат.

Эки жыл мурун Маңгыстау облусунда мунайчылар менен полиция кагылышып, 15 киши окко учкан. Өлкө президенти Назарбаев Казакстанда адам укуктары мамлекет тарабынан толугу менен корголгонун баса белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG