Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:52

Караджич геноцид боюнча кайрадан айыпталды


БУУнун согуш кылмыштары боюнча эл аралык трибуналы босниялык сербдердин аскер башчысы Радован Караджичге геноцид боюнча айыптарды кайрадан жандантты. Былтыр бул айыптардын айрымдары алынып салынган эле. Караджичке мындан башка дагы Сребреницадагы массалык кыргын баш болгон 10 айып тагылууда.

Дал ушул күндөрү 18 жыл мурдагы Сребреницадагы кыргындын курмандыктары эскерилүүдө . Бейшембиде массалык кыргын учурунда каза таап, жалпы көрүстөндө көмүлгөн 408 адамдын сөөгү кайрадан жерге берилди. 1995-жылы Сребреницада босниялык серб аскерлери 8 миңдей босниялык мусулман эркекти жана баланы өлтүргөн. Бул Европадагы Экинчи дүйнөлүк согуштан соң эң ири аскерий кылмыш катары саналат.

XS
SM
MD
LG