Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:54

Ысык-Көлдө “Мейкин Азия” фестивалы өтөт


18-20-июлда Ысык-Көлдө “Мейкин Азия” аттуу эл аралык фестивал өтөт. Аны Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министрлиги өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурууда. Маданият министрлигинин кабарлашынча, жаш ырчылардын аткаруучулук чеберчилигин сынаган фестивалга Казакстан, Түркия, Орусия, Түштүк Корея, Кытай жана Жапониядан ырчылар катышат. Уюштуруучулардын айтымында, бул фестивал мамлекеттер арасындагы маданий байланышты күчөтүп, Кыргызстанга туристтерди тартуу максатын көздөйт.(BkA)

XS
SM
MD
LG