Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:56

Катта-Туздагы мунай чыккан аймакка эч ким киргизилбейт


Баткендин Катта-Туз аймагындагы мунай чыккан жерге убактылуу эч ким киргизилбейт. Бул тууралуу вице-премьер министр Токон Мамытов билдирди.  Анын айтымында, бул маселе 10-июлда Тажикстандын Кожент шаарында эки тараптуу жолугушууда каралган.  Буга чейин Лейлек районуна караштуу Катта-Туз аймагынан Тажикстан 1974-жылдардан бери мунай өндүрүп келген. Аймак Кыргызстанга 1992-жылы өтүшү керек болчу. Бирок Тажикстан 80-жылдары түзүлгөн макулдашуу менен иштетип келген. Өткөн айда кыргыз чек арачылары тажикстандык мекемени аймак Кыргызстанга таандык экенин айтып чек арадан чыгарышкан болчу.(JsA)

 

XS
SM
MD
LG