Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

АКШ: Кыргызстан менен коопсуздук боюнча кызматташтык биз үчүн маанилүү


Кыргызстан менен коопсуздук жаатында кызматташуу АКШ үчүн негизги мааниге ээ. Бул тууралуу бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан билдирүүдө айтылат. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдиргенине караганда, бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Бишкекке элчи Эрик Жон жетектеген америка өкмөтүнүн делегациясы келип кетти.

Билдирүүдө Кыргызстан "Манас" аба майданына Транзит жүк ташуу борборун жайгаштыруу аркылуу эл аралык күчтөргө жардам бергени кыргыз-америка кызматташтыгынын бир аспекти экени айтылат. Ошондой эле элчилик Кыргызстандын Ооганстандагы коалицияга колдоо көрсөтүп жатканын жогору баалай турганын айткан.

“Манастагы” Транзит борбор жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2009-жылы кол коюлган. Быйыл 26-июнда Кыргызстан аны бир тараптуу денонсациялады. Эми Транзит борбор 2014-жылдын декабрында эмес, андан жарым жыл эрте чыгарылышы керек.

Транзит борбор аркылуу НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операциясына катышкан учактар тейленет. "Манас" аба майданын ижарага алганы үчүн АКШ өкмөтү Кыргызстанга жылына 60 миллион доллар төлөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG