Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Жалал-Абадда таштанды көмүлүүчү жаңы жай курулат


Жалал-Абад шаарында таштанды көмүлө турган жай курулат. Бул үчүн Европа реконструкция жана өнүгүү банкы сегиз миң евро бөлө турган болду. Ал акчага атайын жабдылган 15 техника жана таштанды көмүүчү 892 даана контейер сатылып алынаарын шаардык мэриянын маалымат кызматы "Азаттыкка" 11-июлда билдирди. Аталган долбоор шаардык кеңеш тарабынан жактырылгандан кийин ишке кирип, 50-60 адам жумуштуу болот. Таштанды көмүлүүчү жайга акыр-чикир бир эле Жалал-Абад шаарынан эмес, коңшу 5-6 айыл-кыштактан да
көмүлөт.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG