Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Москвада жашаган караколдук "студент" боюнча териштирүү башталды


Ысык-Көл мамлекеттик университетинде студент деп катталган жаран боюнча териштирүү башталды. Облустук милициядан "Азаттыкка" кабарлашкандай, Москвада жашаган, бирок аталган университеттин күндүзгү бөлүмүндө студент деп катталган жаран мамлекеттик экзаменге катышпай туруп баа алганына даттанып милицияга табият таануу факультетинин бүтүрүүчүлөрү кайрылган. Алардын айтканы алдын ала териштирүү учурунда такталды. Азыр бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Кыргызстандын бир миллионго жакын жараны Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын айрымдары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында студент катары катталып, бирок окууну өзүлөрү келбестен, пара аркылуу бүтүрүп жаткан учурлар бар экени бейрасмий айтылууда. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG