Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Эдвард Сноуден АКШ менен Кытайды араздаштырды



АКШнын коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Бээжин менен Вашингтонду араздаштырууда. АКШ Мамкатчысынын орун басары Уильям Бөрнстин айтышынча, Кытайдын Сноуденди Гонконгдон Кошмо Штаттарга жөнөпөгөнү Ак үйдү “аябай капаланткан”. Кытай премьер-министринин атайын чабарманы Ян Цзечи өз кезегинде: "Кытайдын борбордук өкмөтү дайыма Гонконгдун атайын администрациясынын сыйлайт жана Гонконг ар кандай иште мыйзамга ылайык аракеттенет. Гонконгдун өкмөтү Сноудендин окуясында мыйзамга жараша жана кемтиксиз аракеттенди,”-деп жооп берди.

Мындай билдирүү Вашингтондогу бийик деңгээлдеги эки күндүк кездешүүдөн соң жасалды. АКШнын жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасын ашкере кылган Эдвард Сноуден июнда Гонконгдон Москвага учуп барган. Азыр "Шереметьево" аэропортунда отурат деп боолгонгон Сноуден Түштүк Америка мамлекеттеринин биринен саясий башпаанек алып, ошо жакка учуп кетери айтылууда.

XS
SM
MD
LG