Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:25

16 жаштагы Малала Юсуфзай БУУда сүйлөйт


Пакистан талиптеринин огунан оор жарадар болуп, аман калган Малала Юсуфзай бүгүн Бириккен улуттар уюмунун Жаштар ассамблеясында сүйлөйт.

Балдардын билим алуусуна арналган Нью-Йорктогу жыйынга 85 өлкөдөн жаштардын лидерлери, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун, Британиянын мурдагы премьер-министри Гордон Браун катышат. Браун азыр БУУнун билим берүү боюнча атайын чабарманы.

Бүгүн Малала 16 жашка толот. Германиянын ДПА агенттигинин кабарлашынча, Улуттар Уюму 12-июлду “Малаланын күнү” деп жыл сайын белгилегени жатат.

Кыздарды билим алууга үгүттөгөн эр жүрөк пакистандык кыз октябрда Сват өрөөнүндө мектепке баратканда талиптер мойнуна жана бутуна атып кеткен. Секелек кыз Пакистандан Британияга шашылыш жеткирилип, ошол жакта дарыланган жана азыр Британияда жашайт.
XS
SM
MD
LG