Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Баш прокуратура: ИИМ орун басары Фурхат Үсөнов ишинен убактылуу бошотулсун


Ички иштер министринин орун басары Фурхат Үсөнов ээлеген кызматынан убактылуу бошотулушу керек. Мындай токтомду Үсөновго карата козголгон кылмыш ишти иликтеп жаткан тергөөчү чыгарганын Баш прокуратура кабарлады. Тергөөнүн пикиринде, ал министрдин орун басары катары кол астында иштегендерге кысым көрсөтүп, иликтөөнү так жүргүзүүгө тоскоолдук кылышы мүмкүн. Токтом аткаруу үчүн ички иштер министрине жөнөтүлдү.

Үсөнов былтыр март айында Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине карата курал колдонуп бейбаштык кылган деп айыпталып жатат. Тергөөнү Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөө бөлүмү жүргүзүүдө.

Ички иштер министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, "Фурхат Үсөнов ордунда эле иштеп жатат жана аны кызматтан алуу маселесин министрликтин жетекчилиги өзү чечет". (RK)

XS
SM
MD
LG