Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:22

“Кыргызгаз” Орусиянын "Газпром" компаниясынын ээлигине өтөт


"Газпром" “Кыргызгазды” 1 долларга сатып алат жана Кыргызстанга 20 млрд. рубль инвестиция салат. Мындай келишимдин долбоорун премьер-министр Дмитрий Медведев бекиткенин Орусиянын РБС агенттиги кабарлады. Анын акысына "Газпром" Кыргызстандын газ менен тейлөө тармагын модернизациялоого жана кеңейтүүгө беш жыл ичинде 20 миллиард рубль инвестиция салат.

Келишимге ылайык, "Газпром" Кыргыз өкмөтү орноткон баа саясатын карманат жана керектөөчүлөрдү көгүлтүр отун менен үзбөй камсыздоого милдеттендирилет. “Кыргызгаздын” маалыматы боюнча, Кыргызстан жылына 1 миллиард куб метр газ жагат. Кыргыз өкмөтү бул келишимдин долбоорун 27 майда бекиткен",- деп билдирет РБС агенттиги. (АУ)
XS
SM
MD
LG