Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

Токтонасыров: Мени келекелеген өзбек дипломаты боюнча ТИМге арызданам


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Өзбекстандын Бишкектеги элчилигинин кызматкерине байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине арызданат. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" кабарлады. Токтонасыров менен чогуу бүгүнкү нааразылык акциясына чыккан укук коргоочу Бүбүайша Арстанбекованын айтымында, элчиликтин кызматкери Токтонасыровду кекеледи:

- Терезеден сөөмөйүн башына коюп алып Токтонасыровду келесоо деп келекелей баштады. Бул дипломатиялык байланыш кызматынын этикасына жатпайт жана адам укугунун одоно бузулушу болуп эсептелет. Өзбек элчилигинин кызматкери мыйзам чегинде жооп бериши керек.

Өндүрүш Токтонасыров дипломат экинчи кабаттын терезесинен ушинтип чуу салганы милиция ага карата күч колдонуп, турган жеринен башка жакка кетирүүсүнө себеп болду деп эсептейт.

Бул окуя боюнча өзбек элчилиги "Азаттыкка" комментарий берүүдөн баш тартты.

Токтонасыров элчиликтин алдына пикетке чыгып, кыргыз жаранын өлтүрдү делген өзбек чек арачыларын жазага тартууну жана Өзбекстанды каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө материалдык компенсация төлөтүүнү талап кылып келатат. 19-июнда Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн. Өзбек тарап бул окуяда чек арачынын күнөөсү жок деп эсептейт, бирок Кыргызстандын расмий органдарынын айтымында, Тагаевди өзбекстандыктар 500 метр ичкери кирип келип өлтүргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG