Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Эдвард Сноуден Орусиядан башпаанек сурады


АКШнын коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден менен кездешкен орусиялык адам укугун коргоочулар жана адвокаттардын айтышынча, качкын Орусиядан башпаанек сурады. Алар 23-июнда Гонконгдон Москвага учуп келген Сноуден менен "Шереметьево" аэропортунун транзиттик бөлүгүндө кездешти.

Орусиянын коомдук палатасынын мүчөсү, адвокат Анатолий Кучерена буларды айтты:

- Сноуден Кошмо Штаттарда куугунтукталганын айтып, Орусиядан саясий башпаанек алганга көмөктөшүүбүздү сурады жана президент Барак Обамага Адам укуктары боюнча декларация бузулганы тууралуу кат жөнөтөрүн билдирди.

Бул АКШнын жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасын ашкере кылды деп мекенинде айыпталып жаткан Эдвард Сноудендин Москвага келгенден берки биринчи жолу ачыкка чыгышы. Ага чейин Венесуэла, Боливия жана Никарагуа саясий башпаанек сунуш кылган.

Мурда Сноуден Орусиядан башпаанек сураганы кабарланган. Бирок, Орусиянын бийликтеринин айтымында, президент Владимир Путин башпаанек алуу үчүн АКШнын мамлекеттик сырларын ачканды токтотуш керек дегенден кийин ал арызынан баш тарткан эле.

XS
SM
MD
LG