Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Малала Юсуфзай Улуттар уюмунда сүйлөдү


Пакистандык талиптердин огунан оор жарадар болуп, аман калган Малала Юсуфзай жума күнү Бириккен улуттар уюмунун Жаштар ассамблеясында сүйлөп, террорчулар анын оозун жаба албасын айтты: "Алар ок биздин оозубузду жабат деп ойлошкон. Анысы ишке ашкан жок. Анын ордуна миңдеген адамдардын үнү жаңырды".

Балдардын билим алуусуна арналган Нью-Йорктогу жыйынга 85 өлкөдөн жаштардын лидерлери, БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун, Британиянын мурдагы премьер-министри, БУУнун билим берүү боюнча атайын чабарманы Гордон Браун катышты.

12-июлда Малала 16 жашка толду. Улуттар Уюму бул күндү Малаланын күнү деп жарыялады.

Кыздарды билим алууга үгүттөгөн эр жүрөк пакистандык кыз октябрда Сват өрөөнүндө мектепке баратканда талиптер мойнуна жана бутуна атып кеткен. Секелек кыз Пакистандан Британияга шашылыш жеткирилип, ошол жакта дарыланган жана азыр Британияда жашайт.

XS
SM
MD
LG