Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган топ жума күнү алгачкы жыйынын өткөрдү. Анда жумушчу топтун мүчөлөрү иш планын бекитип, тилди өнүктүрүү үчүн тематикалык багыттар боюнча топторду түзүү чечимин кабыл алышты. Ага ылайык, тилди окутуу, мамлекеттик тилдин беделин жогорулатуу жана тил чөйрөсүндөгү башкарууну жакшыртуу боюнча үч топ түзүлдү. Жумушчу топтун кийинки жыйыны 19-июлда болот.
Ушул айдын башында президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жардык чыгарган. Анда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын жумушчу топ түзүүнү, тилди өнүктүрүү боюнча каражатты эки эсеге жогорулатууну, кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча атайын тестирлөө системасын иштеп чыгууну, бул багытта атайын телеканал ачууну тапшырган болчу. (BkA)