Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:54

Бишкекте Асанкан Жумакматовго арналган көргөзмө өтүүдө


Бишкектеги Улуттук китепканада белгилүү дирижер Асанкан Жумакматовго арналган көргөзмө өтүп жатат. Бул тууралуу аталган китепканадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, көргөзмөгө Жумакматовдун өмүр жолун, чыгармачылыгын баяндаган сүрөттөр, китептер жана эскерүүлөр коюлган.

Кыргыз Эл баатыры, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Мүнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги Асанкан Жумакматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Ал 2008-жылдын 21-июлунда дүйнөдөн кайткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG