Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов кабарлады. Анын айтымында, “мыйзамдагы ууру” атыккан Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушун иликтеген вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгындагы жумушчу топ өз ишин улантууда. Топ жакынкы күндөрү иликтөөсүн жыйынтыктап, коомчулукка жарыя кылат. Эржигитов билдиргендей, анын жыйынтыгы менен Жогорку Кеңеш күнөөлүү делген адамдардын тиешеси аныкталса, ага байланыштуу чечим кабыл алынат.
Буга чейин Батукаев боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссия өз корутундусун чыгарып, атайын токтом кабыл алган. Ага ылайык, Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышына тиешеси бар делген ошол кездеги вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ички иштер министри Абдылда Суранчиев, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев баштаган бир нече жетекчини 10 күндүн ичинде кызматтан алууну өкмөткө тапшырган. Булардын ичинен Шамил Атаханов гана өз каалоосу менен иштен кетсе, Жогорку Кеңеш акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматтан алган. (BkA)