Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Обама менен Путин Сноуден тууралуу сүйлөштү


АКШнын президенти Барак Обама менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефондон сүйлөшүп, АКШнын телефон тыңшоо боюнча чалгын маалыматын жарыялап жиберген Эдвард Сноудендин ишин талкуулашты.

Талкуунун аки-чүкүсү ачыкталган жок.

Кечээ Ак үй эгер Орусия качкын чалгын аналитигине башпаанек берсе, ал "пропаганда платформасына" ээ болоорун эскерткен. Сноуден бул күнү Орусиядан башпаанек сурап жаткандыгын бышыктаган.

Ушул эле күнү ал Москванын "Шереметьево" аба бекетинде укук коргоочу активисттер менен жолуккан эле. Ал жолугушууга катышкан Мамдуманын тышкы иштер комиссиясынын төрагасынын орун басары Вячеслав Никоновдун айтымында, Сноуден Путиндин АКШга каршы аракеттерин токтотуш керек деген талабын аткарганга даяр экендигин айткан. Сноуденге АКШда тыңчылык жана мамлекеттик мүлктү уурдоо боюнча кине коюлууда.

XS
SM
MD
LG