Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Кытайда уран ишканасын куруу планы токтотулду


Жүздөгөн демонстранттар уран иштетүүчү ишкана курууга каршы чыккандын эртеси Кытай бийликтери бул пландан баш тартты.

Кытайдын түштүгүндөгү Хешаар шаар бийлигинин интернет сайтында бүгүн «элдин каалоосун эске алуу менен» "Кытай улуттук ядролук корпорациясы" өзүнө алган бул долбоорду өкмөт колдобой тургандыгын жазды.

Уранды сактап, аны байытуучу ишкана курууну караган алты миллиард доллардык долбоорго каршы кечээ жүздөгөн киши демонстрацияга чыккан эле.

XS
SM
MD
LG