Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан төрагасы Эрлан Сапарбаев билдирди. Анын айтымында, Каттоо кызматы бул боюнча сунуштарын даярдап, өкмөткө киргизгени жатат. Ага ылайык, келээрки жылдан тарта электрондук-биометрикалык паспортту берүү мерчемделүүдө. Электрондук-биометрикалык паспорт - адамды тастыктоочу документ. Ага чип орнотулат, анын ичине биографиялык маалымат менен кошо 3Д форматтагы санарип сүрөтү киргизилет. Сапарбаев кошумчалагандай, долбоор боюнча бул паспортту мамлекеттик ишканаларда даярдоо каралып жатат. (BkA\EBM)