Бишкектеги Улуттук китепканада балерина Рейна Чокоеванын 75 жылдыгына арналган көргөзмө өтүп жатат. Бул тууралуу аталган китепканадан кабарлашты. Анда Чокоеванын өмүрүн жана чыгармачылыгын чагылдырган сүрөттөр көрүүчүлөргө сунушталган.
Рейна Чокоева 1938-жылы туулган. Ал Ленинграддагы хореографиялык окуу жайды бүтүп келген соң бүткүл өмүрүн кыргыз балетине арнаган. Чокоева “Чолпон”, “Жизел” ,“Баядерка” сыяктуу балеттерде башкы ролду ойногон. Азырга чейин педагог катары жаш бийчилерге балеттен сабак берип келет.(BkA)