Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:34

Түркияда демонстранттарга желим ок колдонулду


Стамбулда полиция жүздөгөн кишиге суу, желим ок атып, көздөн жаш агызуучу газ чачты. Демонстранттар өкмөткө каршы бир нече апталык нааразылык акциясынын чордону болгон Гези паркын көздөй баратканда полиция чабуул баштады. Демонстрациялар Гези паркынын чет жакасын кайра куруу планына каршы болгондордун тынч мүнөздөгү акциясына полиция кол салганда 31-майда башталган. Андан бери беш кишинин өмүрү кыйылып, сегиз миңдейи жараат алды.

XS
SM
MD
LG