Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Бутанда оппозициячыл партия көпчүлүктү утту


Бутан падышачылыгындагы парламенттик шайлоодо көпчүлүктү алган башкы оппозициячыл партияга жаңы өкмөт түзүү тапшырылды. Бутандын башкы шайлоо комиссары кечээки добуш берүүнүн жыйынтыгын бүгүн жарыялады. Элдик Демократиялык партия Улуттук жыйындагы 47 орундун 32син алды. Бийликтеги Тынчтык жана Берекет партиясы 15 мандатка ээ болду. Элдик демократтардын жол башчысы Тшериң Тобгай өкмөт башына келээри күтүлүүдө. Шайлоодогу башкы маселе экономиканын абалы жана коңшулаш Индия менен алаканын начарлашы болду. Демократиялык шайлоо салыштырмалуу жаңы кирип жаткан Бутандагы добуш берүүгө шайлоочулардын дээрлик 80 пайызы катышты.

XS
SM
MD
LG