Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

АКШда куралсыз өспүрүмдү аткан киши акталды


Флоридадагы көпчүлүктүн көңүлүн бурган сот ишинде куралсыз кара түстүү өспүрүмдүн атып өлтүрүлүшү боюнча айыпталган киши акталып чыкты. Жалаң аялдардан турган шайланма сот кечээ Жорж Цимерманды Санфордо былтыр февралда 17 жаштагы Трейвон Мартиндин өлтүрүлүшү боюнча бардык айыптардан арылтты. Күнөлүү деп табылса, теги испан Цимерман өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн болчу. Бул окуя «Кара түстүү америкалыктардын акыйкаттыкка колу жетеби?» деген маселени кабыргасынан коюп, «Мартин расасы үчүн бутага алынган эмес беле?» - деген суроону жаратты.

XS
SM
MD
LG