Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиргени боюнча соттук териштирүү эртең башталат. Анда Батукаев боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтык токтомундагы акыйкатчыны иштен алуу демилгесин, ошол комиссиянын негизинде дагы атайын комиссия түзүү чечимин жана Жогорку Кеңештин аны кызматтан алуу тууралуу токтомун жокко чыгаруу тууралуу Турсунбек Акундун өтүнүчү каралат.
Кылмыш төбөлү саналган Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда камактан чыгарылышын иликтеген депутаттык комиссия бул ишке тиешеси бар деп, Турсунбек Акунду Кыргызстандын Акыйкатчысы кызматынан четтеткен чечим чыгарган. Ал чечимди 27-июндагы отурумунда парламент колдоп берген.(ZKo)