Бул тууралуу вице-премьер-министр Токон Мамытов журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, Тажикстан тараптын Баткендеги газ жана мунай кенин иштетип, ташып кетүүсүнө кыргыз-тажик чек арасынын 975 чакырымы такталбаганы себеп. Мамытовдун сөзү боюнча Лейлек районуна караштуу Катта-Туз айлындагы мунай кени жайгашкан жер карта боюнча Кыргызстанга таандык. Вице-премьер-министр өткөн аптадагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде мындан ары кенге тажикстандыктардын өтүүсүнө уруксат берилбесин айтты.
Лейлек районуна караштуу Катта-Туз аймагынан Тажикстан 1974-жылдардан бери мунай өндүрүп келген. Аймак Кыргызстанга 1992-жылы өтүшү керек болчу. Бирок Тажикстан 80-жылдары түзүлгөн макулдашуу менен иштетип келген. Өткөн айда кыргыз чек арачылары тажикстандык мекемени аймак Кыргызстанга таандык экенин айтып чек арадан чыгарышкан.(ZKo)