Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

АКШ мамкатчысынын орун басары Египет лидерлери менен жолугушат


АКШ мамдепартаментинин башкы өкүлү Уильям Бернс Египет лидерлери менен Каирде жолугушат. Ал шейшембиге чейинки сапары учурунда аскер кызматкерлери жана убактылуу өкмөттүн лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү кабарланууда. Бернстин оппозициядагы “Мусулман агайындар” кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушары азырынча белгисиз.

Мамлекеттик катчынын орун басары Уильям Бернс Мурсинин бийлиги кулатылгандан кийин Египетке барган алгачкы жогорку даражадагы чиновник.
АКШ Мухаммед Мурсинин бийлиги кулатылышын “төңкөрүш” деп тааныган жок. Антип таануу Америка мыйзамдарына ылайык, расмий Вашингтондон Египеттин куралдуу күчтөрүнө жыл сайын берилүүчү 1 млрд. доллардан ашуундук жардамды токтотууну талап кылмак.

XS
SM
MD
LG