Бишкекке расмий сапарга Кытайын тышкы иштер министри Ван И келди. Бүгүн эртең менен аны менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жолукту. Эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы, бирге ишке ашырып жаткан долбоорлор жана келечекке пландалган иш-чаралар тууралуу сөз болду. Энергетика, унаа байланыш тармактарындагы айрым долбоорлор тууралуу сөз болду. Быйыл күзүндө өтө турган кытай лидери Си Цзинпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарына даярдык көрүү маселеси да талкууланды. (RK)