Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Ошто 386 адам тыюу салынган уюмдарга мүчө катары каттоодо турат


Ош облусунда 386 адам Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга мүчө. Алардын 102си Ош шаарынын тургуну. Алар Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгында каттоодо турат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын баса сөз кызматынан «Азаттыкка» билдиришти. Маалыматка ылайык, каттоодогулардын эң көбү «Хизб-ут-Тахрир» уюмуна мүчө. Тагыраак айтканда, «хизбутчулардын» саны - 339, «Вахабий» агымында 36, «Акрамий» уюмунда 10, «Салафийдин» 1 мүчөсү каттоодо.

Облус аймагында ушул жылдын алты айында «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун лидери деп шектелген 5, активдүү мүчөсү деп 14 жаран камакка алынган. Бардыгы Кыргызстандын жарандары. Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын саны 12. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG