Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:44

Жалал-Абадда жергиликтүү бийлик реформасы талкууланууда


Бүгүн вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коомчулук өкүлдөрү менен өкмөттүн жергиликтүү бийликти реформалоо боюнча мыйзам долбоорун талкуулады. Долбоордо жергиликтүү бюджетти калыптандыруу жана анын сарпталышын көзөмөлдөөгө шайлоо аркылуу райондук кеңештерди кайра уюштуруу, бүт жоопкерчиликти суроо үчүн райондордо акимдик институтту калыбына келтирүү керектиги айтылат. Жолугушууда азыркы шартта жергиликтүү бийликтер каржылык жана кадр саясатын жүргүзө албай жатканы тууралуу сөз болду.

Сарпашевдин айтымында, республикадагы 453 айыл өкмөттүн 124үндө кылмыш иш козголду. Алардын ар бири 400 миң сомдон 6-7 миллион сомго чейинки бюджеттик каражатты мыйзамсыз иштеткен деп шектелүүдө.

Талкууда райондук кеңеш депутаттарын шайлоого акча жумшоонун кереги жок деген ойлор айтылды.

Вице-премьер-министр Сарпашев бул маселени бүгүн Базар-Коргондо, Ноокенде, Ала-Бука, Чаткал жана Аксы райондоруна да барып талкуулайт. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG