Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:15

Көлдө сегиз пансионаттын ишине тыюу салынды


Ысык-Көлдүн күңгөй тарабындагы сегиз пансионатка быйылкы жайкы сезондо иштөөгө тыюу салынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" жергиликтүү экологиялык-техникалык инспекциянын жетекчиси Таалайбек Карасартов билдирди.

"Кыргыз таңы", "Атырау", "Золотой требас", "Учкун", "Кооператор", "Береке" жана "Богода" пансионаттарында атайын токтомдун негизинде электр энергиясы өчүрүлдү. Алардын ишинин токтотулушуна мурда берилген эскертмелер аткарылбаганы себеп болду. Карасартовдун айтымында, алардын жетекчилиги экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча бир катар талаптарды аткарбай койгон. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG