Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Кулчулуктан качып келаткан кыргыз жарандары суудан куткарылды


Казакстандан суу аркылуу качып келаткан кыргызстандык аял өспүрүм уулу менен суудан аман куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн кабарлашты.

12-июлда Чүй дарыясындагы аралчада суудан өтө албай үч киши турганын жолдо кетип бараткан айдоочулардын бири байкап калып, куткаруу кызматына билдирген. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери 20 мүнөттө жетип барып, аялды жана уулун аман-эсен алып чыккан. Күйөөсү айдоочунун жардамы менен куткаруучулар келгенче чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Куткарылган аялдын айтымында, ал күйөөсү жана 14 жаштагы уулу менен Казакстанга иштегени барган. Ал жактан алданып, суу аркылуу качып келаткан. Аралчада алар 4 күн турган.

Окуя Кеминдин Бообек айылынын тушунда болгон. Куткарылган жарандар Чүйдүн Чүй айылынын тургундары экени аныкталды.

Казакстанга барып иштеген кыргызстандык эмгек мигранттардын арасынан документи жоктор ушинтип Чүй суусу аркылуу товар ташып, каттап тураары белгилүү. (RK)

XS
SM
MD
LG