Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобус сатып алууда акча жеген деген айып менен соттолуп жаткан Нариман Түлеев бүгүн баш прокурор Аида Салянованы күнөөлөп билдирүү таратты. Анда "Салянова соттук териштирүүгө киришип, адвокаттардын келтирген жүйөөсүнө баа берүүгө укугу жок болчу" деп айтылат.
"Биз ал далилдерди сизге эмес, сотко келтиргенбиз. Алардын чын же калп экенин териштирүүгө, баа берүүгө сот гана укуктуу", - деп айтылат Түлеевдин билдирүүсүндө.
11-июлда Баш прокуратура Түлеевдин адвокаттары анын күнөөсү жоктугун далилдеген документтерди сотко келтиргени тууралуу кабар жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкканын айтып, интернеттеги сайтына билдирүү жазган. Анда аталган документтер кылмыш ишке мурда эле тиркелгени жана алардын айрымдары Түлеевдин күнөөсү жок экенине далил боло албасы айтылат.
Нариман Түлеев камакка былтыр жайында алынган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында жатат. Ага карата Баш прокуратура козгогон кылмыш иш учурда Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып жатат. Түлеев өзү күнөөсү жок экенин айтууда. Мэрлик кызматтан кеткенден кийин ал азыр оппозициядагы "Ата-Журт" партиясынын мүчөсү катары Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. (RK)