Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Дододжон Атовуллоевдин Прагага жиберилгени кабарланууда



Москвадагы «Шерметьево» аэропортундагы орус чек ара кызматынын өкүлү "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" тажик кызматына кабарлагандай, тажикстандык оппозициячыл журналист Дододжон Атовуллоев Орусиянын аймагына киргизилбей кайра Москвадан Прагага учурулган.

15-июлда түнү Прагадан Москвага келгенде ододжон Атовуллоевдин «Шерметьево» аэропортунда кармалганын анын туугандары кабарлашкан эле.
Дододжон Атовуллаев өзү тууганына телефондон тажик бийлигинин буйругу менен кармалганын айткан.

Дододжон Атовуллоев «Чароги руз» көз карандысыз басылманын негиздөөчүсү. 1992-жылдан тарта “Ватандор” кыймылынын лидери. Ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду катуу сындаган журналист катары таанымал, акыркы кезде К+ телеканалында бир катар сын маанайдагы программалар менен чыкчу.

Москвадагы «Москвоские новости» гезитинин бандамачысы Аркадий Дубнов Атовуллоев менен байланышканын, ал чынында эле «Шерметьево» аэропортунда кармалып отурганын тастыктады.

Тажикстандын башкы прокуратурасы журналист прокуратура арызы аркылуу кармалганын четке какты. (AiK)

XS
SM
MD
LG