Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Кыргызстандын Аскердик доктринасы бекитилди


Президент Алмазбек Атамбаев кечээ кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Аскердик доктринасы өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргоо үчүн аскердик курулуштарды, даярдыктарды жана куралдуу күчтөрдү пайдаланууда расмий кабыл алынган көз караштарды чагылдырат. Доктрина дүйнөдө жана аймакта болуп жаткан аскердик-саясий кырдаалды эске алуу менен түзүлүп, аскер жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат курууга, мамлекеттик бийликти, коомду жана жарандарды аскердик коопсуздукту камсыздоо жагдайын чечүүдө бирдиктүү күчтөндүрүүгө багытталган.

Аскердик доктринаны ишке киргизүү чаралары кыргыз өкмөтүнө жүктөлдү деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы. Кыргызстандын Аскердик доктринасы Коргоо кеңешинин акыркы жыйынында кабыл алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG