Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Улут аралык ынтымак боюнча концепция иштелип чыкты


Эртең Бишкекте Кыргызстандагы ар улуттун ортосундагы мамиленин азыркы абалын жана келечекте ишке ашырылчу планды талкуулаган жыйын өтөт. Аны өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик уюштуруп жатат. АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин жардамы менен өткөрүлүп жаткан бул иш-чарада Элдин биримдигин жана улут аралык ынтымакты бекемдөө боюнча концепция тартууланат. Аны ишке ашыруу планы талкууга алынат.

Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлү жашайт. 2010-жылы Ош жанан Жалал-Абадда тутанган улут аралык жаңжалда 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. (RK)
XS
SM
MD
LG