Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Депутаттар сотун жылдыруу өтүнүчү келтирилет


Жогорку Сотто "Ата-Журт" партиясынын үч депутатынын үстүнөн соттук териштирүүнү башка күнгө жылдыруу өтүнүчү келтирилет. Бул тууралуу "Азаттыкка" депутат Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди. Анын айтымында, ишке жаңы үч адвокат кошулду, алар иш менен толук тааныша элек.

Бүгүн Жогорку Сотто былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун соту башталат. Райондук сот аларды 1-1,5 жылга кескен. Бирок кийин шаардык сот актап, камактан чыгарган. Депутаттарга каршы кылмыш ишти козгогон Баш прокуратура шаардык соттун өкүмүнө байланыштуу көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.(EBM/RK)

XS
SM
MD
LG