Кыргызстандын айрым райондорунда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, Жалал-Абаддын Аксы, Оштун Кара-Суу жана Ысык-Көлдүн Ысык-Көл райондорунун кээ бир айылдарында катуу жааган жаандын кесепетинен короолор жана жолдор жабыркады. Учурда жарандык коргонуу комиссиялары жеринде тактоо иштерин жүргүзүп жүрөт. (RK)