Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Камволдук-нооту комбинатын банкрот деп жарыялоо сунушталды


Бишкектеги Камволдук-нооту комбинатын банкрот деп жарыялоо сунушталды. Экономика министрлиги мындай арыз менен Бишкектин экономикалык иштер боюнча район аралык сотуна кайрылды. Аталган ишкана мурда алган кредити боюнча 346 миллион, Салык кызматына 26 миллион сом карыз. Соңку үч жылдан бери иштебей токтоп турат. Эгер сот банкротко уруксатын берсе атайын администрация жолу менен анын ордуна жаңы ишкана уюшулат. Техникалык кредитти комбинат 1996-жылы алган. (RK)

XS
SM
MD
LG