11-июлдан бери Ысык-Көл облусунун 8 жараны Казакстанда камалып жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” камалган балдардын биринин апасы Динар Бегимбаева билдирди.
“11-июлда Көк-Көл жайлоосундагы 5 малчынын малы капыстан Казакстандын чегине кирип кетип, айдап чыгып баратканда аларды казак чек арачылары кармап кеткен. Ага улай эле алардан мал алганы барган дагы үч кыргызстандыкты да казак чек арачылар чакырып, алып кеткен. Эртеси Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү барып сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин 800 кой, 18 жылкыны кайтарып беришти. Ал эми балдар минген аттары менен камакта турат”, - дейт Бегимбаева.
Анын айтымында, окуя болгон жерде чер ара зымдары тартылган эмес. Балдар билбестиктен кирип кетиши мүмкүн болчу.
“Ал жерде бир эле чек ара мамысы турат. Мурда мал кирип кетип эле кайра айдап чыгып жүрүшчү. Бул жолу кармалып калышыптыр”, - дейт Бегимбаева.
Бегимбаева казак тараптын талабы боюнча камактагы балдар тууралуу справка алып беришкенин, эми аларды казак бийлиги өз мыйзамы боюнча жазага тартканы жатканын билдирди.
“Азаттыкка” маалымат берилип жаткан учурда облустук акимиаттын алдына балдардын ата-энелери чогулганы, маселени мүмкүн болушунча батыраак чечип берүү өтүнүчү айтылып жатканы кабарланды. (МТо)