Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:34

Бишкек – Нарын – Бишкек аба каттамы иштей баштады


Шейшемби 16-июлдан тарта "Скай Бишкек" авиакомпаниясы Бишкек – Нарын – Бишкек аба каттамын ар шейшемби сайын аткара баштайт. Учуу убактысы болгону 40 мүнөт. Нарын аба майданынан 1994-жылдан бери такай аба каттам аткарыла элек. Акыркы жолу 1994-жылы Нарындан Казарман аркылуу Жалал-Абадга жана Ошко АН–2, АН–28 жана ЯК–40 учактары такай каттап турган.

Ал эми Нарындан Бишкекке акыркы ирет 1992-жылы аба каттам аткарылган. Ага Хан кору Нарын аба майданынын учуу-конуу тилкесин, аэробекет имаратын жана аэронавигациялык жабдууларын оңдоп, аты аталган аба майданды эл аралык аба майданга айландырууну 2012-жылы баса белгилеп өткөн.

Бишкек – Нарын – Бишкек каттамы ушул жылы калыбына келтирилген алтынчы жаңы ички каттам. Мартта аты аталган авиакомпания Бишкек – Кербен (Жалал-Абад областы, Аксы району) – Бишкек жана Жалал-Абад – Кербен – Жалал-Абад, ал эми майда Жалал-Абад – Казарман (Жалал-Абад областы, Тогуз-Торо району) – Жалал-Абад аба каттамдары жандандырылган. Июлда Жалал-Абад – Тамчы – Жалал-Абад жана Ош – Тамчы – Ош каттамдары "Скай Бишкек" тарабынан ишке киргизилген.

Жогоруда айтылган каттамдары швециялык 33 орундуу Сааб–340А учагы аткарат. Андан тышкары, Бишкектен Ошко жана Баткенге жаңы "Тез Жет" жергиликтүү авиакомпаниясы учуп баштаарын туристтик агенттиктер маалымдашты. Ошондой эле, Жалал-Абад областына караштуу Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылынын аба майданына такай аба каттамдарды аткарууну жандандыруу былтыр премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тарабынан айтылган.

XS
SM
MD
LG