Бишкекте электр энергиясын эсептөөчү жаңы система орнотулган ишканалар электр энергиясы үчүн акыны көп төлөй башташты. “Түндүкэлектро” ишканасынын маалыматы боюнча электр энергиясын эсептөө жана көзөмөлдөө боюнча жаңы автоматтык-маалыматтык система Бишкектеги 111 ишканага коюлган. Маалыматка ылайык, аталган система орнотулгандан кийин айрым ишканалар электр энергиясын мурункуга караганда арбын сарптаары аныкталды. Мисалы, шаардагы “Арзу” кафеси үстүбүздөгү жарым жылда сарптаган электр энергиясынын кубаты өткөн жылкы алты айдын көрсөткүчүнөн 179% көп болуп чыккан.
Электр энергиясын эсептөө жана көзөмөлдөө боюнча жаңы автоматтык-маалыматтык система электр энергиясынын керектелишин “Түндүкэлектро” ишканасынан чыкпай туруп, онлайн көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.(ZKo)