Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

БУУ: Сириядагы согуштан ай сайын беш миң киши өлөт


БУУнун адам укуктары боюнча башчысы Иван Симонович бул көрүнүш кырдаал өтө кыйындап кеткенин көрсөтүп турат деди. Ал эми БУУнун качкындар боюнча Башкы комиссары Антонио Гуттерьес күн сайын 6 миңге чукул киши Сириядан безүүгө аргасыздыгын билдирди. Улуттар уюмунун маалыматы боюнча кан төгүү башталгандан берки эки жыл ичинде Сирияда 100 миңден ашуун киши набыт болуп, коңшу өлкөлөрдө баш калкалап турган сириялык качкындардын саны 1,8 миллионго чукулдаган. Уюмдун гуманитардык жетекчиси Валери Амос Сирия бийлиги менен оппозициясын элди ойлобогону үчүн сынга алды. Алар БУУнун Коопсуздук кеңешине кырдаалды жөнгө салуу үчүн чараларды күчөтүү өтүнүчү менен кайрылышууда.

XS
SM
MD
LG