Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:19

Чек арада өлтүрүлгөн жарандын үй-бүлөсү өзбек элчилигинин алдына чыкты


Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтүп жатат. Өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан баткендик жаран Бакыт Тагаевдин апасы, жесири жана беш баласы адам өлтүргөн аскерди жазалап, маркумдун үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүүнү талап кылууда. Азырынча элчиликтен аларга эч ким чыга элек.

Өткөн айда Баткендин Кадамжайында кыргызстандык Бакыт Тагаевди өзбек чек арачылары атып өлтүргөн. Өзбек тарап чыр Бакыт Тагаев Өзбекстандын аймагында мыйзам бузгандыктан келип чыккан деп жатат. Бирок кыргыз тараптын расмий билдирүүлөрүндө Тагаев өз жеринде, чек арадан 500 метр ичкери аймакта өлтүрүлгөнү айтылууда. (EzK/RK)

XS
SM
MD
LG