Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Жалал-Абадда достук кербени жыйынтыкталды


Жалал-Абадда «Бир эл, бир тагдыр. Мекеним - Кыргызстан!» аттуу достук жана ынтымак кербенинин жыйынтыктоочу концерти өттү. Өкмөт өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева көрүүчүлөрдү ар кандай ушак-айыңдарга ишенбөөгө чакырды. Облустун беш районун кыдырып келген кербендин отуз чакты кыргыз, орус, татар-башкыр, түрк, өзбек өнөрпоздору элди биримдикке чакырып, өлкөнү даңазалаган ыр-күү, бий аткарышты. Алардын төртөө Бишкекте 19-июлда өтө турган достук концертине катышаарын “АктЕД” уюмунун облустагы координатору Сарыгул Алчынбаев билдирди. Анын айтымында ушундай достук кербени Ош, Баткен облустарында да өттү. Үч облустагы мындай иш-чараны каржылык жактан АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча USAID агенттиги колдоду. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG