Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Элчилик: Краснодарда өлтүрүлгөн мигранттар арасында кыргызстандыктар жок


Орусиянын Краснодар аймагында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн үч мигрант Кыргызстандын эмес, Өзбекстандын жараны экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Тергөө комитетинин Крым району боюнча өкүлчүлүгү бул маалыматты тастыктады.

Кечээ айрым маалымат булактарында Краснодардагы кафелердин биринде Кыргызстандан барган мигранттар менен жергиликтүү тургундар ортосунда уруш чыгып, үч кыргызстандык мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү кабарланган. Бирок алар өзбек жарандары экени аныкталды. (RK)

XS
SM
MD
LG