Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

Майлуу-Сууда жети адам ич келтеден дарыланууда


Майлуу-Суу шаарында жети адам ич келте оорусуна чалдыкканы аныкталды. Алар учурда шаардык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Сыркоолор бул илдетти жуктуруп алганы 10-июлда аныкталган. Жетөө тең Көк-Таш айылынын тургундары. Эң кичүүсү 7 жашта. Эң улуусу 41де.

Ич келтени пайда кылган микробдор адамдын организмине негизинен ичкен суу аркылуу кирет. Ашказандын иштөөсү бузулат жана боор менен өт жабыркайт.

Кыргызстандын түштүк аймагындагы айрым айылдарда таза суу маселеси чечилбегендиктен эл арыктагы сууну ичүүгө аргасыз.(RK)

XS
SM
MD
LG